9-ноябрь, Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнү

*9-ноябрь, Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө* карата *Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда коррупцияга каршы иш-чара болуп өттү.
Иш чарага
-Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча Таш-Көмүр шаардык бөлүмчөсүнүн башчысы, подполковник Смаилов Тимур Маматбекович катышып, студенттердин суроолоруна жооп берип, жемкорлук боюнча кеңири маалымат берди.
???? Студенттер тарабынан атайын даярдалган роликтер (ИЭЭ-1-22 тайпасы):
– Артыкбаев М.
– Шерказиев Ы.
– Курбанкулов А.
– Султан уулу Б.
– Модонов Б. ж.б. чыгармачылык менен аткарышты.
– Максатбекова Курманжан тарабынан даярдалган доклад угулду. Мындан сырткары студенттер
инсценировка (ИЭЭ-1-23 тайпасы) аткарышып, залдагы көрөрмандарды ыраазы кылышты.
– Токторбайев Б.
– Нарынбек уулу Б.
– Седкулов А.
– Суултан уулу Б.
???? Иш-чаранын максаты:
– Коррупциянын коомго тийгизген зыяны, алдын алуу жолдору тууралуу маалымат берүү.
– Студенттердин укуктук маданиятын өстүрүү.
– Жаштардын чыгармачылык потенциалын ачуу (роликтер, инсценировка).
Иш чаранын жыйынтыгында ИТЭИнин ректору х.и.к., доцент Т.Р. Барпыбаев катышуучулардын бардыгын жемкорлукка каршы бирдиктүү аракетке чакырды жана коррупцияга каршы күрөш — ар бирибиздин милдетибиз экенин баса белгиледи. Иш чарага студенттер активдүү катышып, келечектеги демилгелер үчүн шык алышты.
ИТЭИнин коллективи катышкан бардык студенттерге, Тимур Маматбековичке алкыш айтып, иш-чараны ийгиликтүү аяктады.