2025-жылдын 9-10-декабрь күндөрү Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу “Инновациялар борбору” тарабынан уюштурган *“Студенттик стартап”* иш-чарасы өттү. Бул иш чарага Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун студенттеринен БГ-1-23 тайпасынан Эсенжанов Дөөлөт жана ИЭК-1-24 тайпасынан Айтбаев Эрбол катышышты.
Эсенжанов Дөөлөт: бул иш чара бизге чыныгы стартап чөйрөсүн сездирди. Көптөгөн жаңы байланыштарды түздүк, эксперттер менен тааныштык-, деп белгилесе, Айтбаев Эрбол: идеябыздын бекемделишине ишеним арттылды, кийинки кадам — MVP (минималдуу жарамдуу продукт) түзүү,-деген пикирин билдирди. ИТЭИнин ректору х.и.к., доцент Т. Р. Барпыбаев өз сөзүндө: – Студенттерибиздин жигердүүлүгү, креативдүүлүгү жана командалык руху — келечектин ийгилиги. Биз аларды колдойбуз, жаңы долбоорлордун ишке ашуусун каалайбыз,-деп билдирди.
Бишкекте өткөн иш-чарага өлкө ичиндеги ЖОЖдон 150дөн ашык студенттер, эксперттер (венчурдик фонд, стартап акселератор) катышты.